Ош шаарында баңги зат сатып жүргөн жаран кармалды. Андан 1 килограммга жакын банги заты алынды
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында “гашиш” баңги затын сатып жүргөн жаран тууралуу маалыматтар келип, ал маалыматты текшерүү максатында ыкчам кызматкерлерге тиешелүү тапшырмалар берилген.
Аталган ыкчам маалыматты текшерүү учурунда банги затты сатууга шектүу катары жаран 2025-жылдын 10-ноябрь күнү Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгу кафелердин биринин жанында жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Ал жерге Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмунүн ыкчам кызматкерлери барып, шектүү адамды кармашкан. Ал Ош шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Ага өздүк кароо жүргүзгөн учурда анын жанынан 3.44 грамм өлчөмундө”гашиш” баңги заты алынган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал сатып өткөрүу максатында Кара-Суу районунун Шарк айылынын аймагындагы алма бактын арасында эки башка жерге бекитип койгон жеринен атайын целофанга оролгон бангизатын таап берген. Атайын экспертизанын жыйынтыгында жалпысынан 829.22 грамм салмактагы "гашиш" баңги заты экендиги аныкталган.
Бул фактылар боюнча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлуму тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, шектүү Х.Р. 10-ноябрь куну убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ош шаарынын соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 14-январга чейин абакта кармоо боюнча чечим кабыл алынган.
Айыпталуучу, мурда бир нече жолу ушундай кылмыштары үчүн соттолуп чыккан, 1965-жылы туулган, Ош шаарынын жашоочусу Х.Р. Учурда анын кылмыштуу байланыштары, банги затын кайдан алгандыгы боюнча текшерүу иштери жүрүп жатат.
Сүрөттөр шектүунү кармоо жана тергөө иштеринин жүрүшүндө алынган.
