ТИМ: Жидда – Бишкек багыты боюнча каттамдардын кайра жандандыруу боюнча иштер уланууда
WWW
3 март

ТИМ: Жидда – Бишкек багыты боюнча каттамдардын кайра жандандыруу боюнча иштер уланууда

Жидда – Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын жумасына үч жолу кайра жандандыруу боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, эртең, 4-мартта тарта Жидда – Ош багыты боюнча аба каттамдар кайра жанданат. Бул боюнча тиешелүү макулдашууга жетишилди.

Каттамдарды Flynas авиакомпаниясы жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарат.