Ош мэриясы менен JICA эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулады
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу бүгүн, 19-ноябрда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөзз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда JICA тарабынан Ош шаарында аткарылып жаткан долбоорлор боюнча кеңири маалымат берилип, эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары талкууланды.
Айрыкча билим берүү, медицина, экология жана коомдук транспорт тармактарында биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
