Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына киргизилди
президенттин администрациясы
30 апрель

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасын санариптик  трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу  боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта белгиленет:

Кыргыз Республикасында бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, баарынан мурда мамлекеттик башкарууга, социалдык чөйрөгө, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана экономикага заманбап санариптик технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда.

Биз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу прогресске жетиштик, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле олуттуу тоскоолдук болууда, санариптештирүү өзүнүн милдетин аткарбай жатат.

Санарип өкмөттүн компоненттеринин ишин талдоо анын иштешинде, анын ичинде региондордо кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара аракеттенүүдө, атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтерди аныктады.

Кыргыз Республикасын андан ары динамикалык өнүктүрүү өлкөнү санариптик трансформациялоо менен тыгыз байланышкан. Биздин стратегиялык курсубуздун негизги компоненти жалпы санариптештирүү жана жасалма интеллект инструменттерин киргизүү болууга тийиш, алар бардык чөйрөлөрдө өлкөнүн потенциалын эселеп күчөтө алат.

Санариптик трансформациялоону тездетип өнүктүрүү, санарип өкмөт системасын өркүндөтүү, программалык продукттардын жана санариптик технологиялардын ата мекендик рыногун андан ары өнүктүрүү, республиканын бардык региондорунда IT-парктарды уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги (мындан ары – Санариптик өнүктүрүү министрлиги) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына (мындан ары – Президенттин Иш башкармасы) кошуу жолу менен функцияларын, штаттык санын жана персоналын, финансылык, материалдык-техникалык каражаттарын жана материалдык эмес активдерин, түзүмдүк бөлүмдөрүн, ведомстволук мекемелерин жана уюмдарын өткөрүп берүү менен кайра уюштурулсун.

2. Президенттин Иш башкармасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 «2024–2028 жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2024 2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленсин.

3. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын иштеп жаткан кызматкерлери жана жумушчулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президенттин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө кайра дайындалууга тийиш деп аныкталсын.

4. Президенттин Иш башкармасына санариптештирүү жана санариптик башкаруу жаатында, санариптик кол тамганы, мамлекеттик жана муниципалдык идентификациялоо санариптик системаларын кызмат пайдалануу, көрсөтүүлөрдү, санариптик технологияларга, электр жана почта байланышына, анын ичинде радиоуктурууга жана телекөрсөтүүлөргө (мындан ары – байланыш) бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, архив иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын, ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын компетенциясына киргизилген киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча функцияларды кошпогондо, киберкоопсуздук, спутниктик технологиялар, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар жүктөлсүн.

5. Президенттин Иш башкармасынын жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын санариптик чөйрөдөгү ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо;

2) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларга санариптик инновацияларды киргизүү;

3) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, чечимдерди кабыл маалыматтардын, технологиялык алууда санариптик системалардын пайдалануу үчүн мамлекеттик жеткиликтүүлүгүн, санариптик сервистердин, алардын ишенимдүүлүгүн, пайдалануучулардын (жарандардын, бизнестин жана юридикалык жактардын) туруктуулукту камсыз кылуу;

4) атаандаштыкты, өнүгүүсүн, кызыкчылыктарында телекоммуникациялардын телекоммуникациялык аракеттенүүсүн, тармактардын санариптик туруктуу өз ара туруктуу өнүгүүсүн, өз ара байланышын, шайкештигин камсыз кылуу;

5) санариптик туруктуулукту, киберкоопсуздукту жана Президенттин Иш башкармасынын компетенциясында турган мамлекеттик санариптик ресурстарды, технологиялык системаларды жана тармактарды коргоону камсыз кылуу;

6) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

7) санариптик чөйрөнүн субъекттеринин, анын ичинде санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу маселелери боюнча ишин ведомстволор аралык жана тармактар аралык координациялоо;

8) туруктуу мониторингдин негизинде санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын ишинде функциялык процесстерди жана жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;

9) Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо, санариптик башкаруу, санариптик кол тамга, байланыш, киберкоопсуздук, архив ишин санариптештирүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн башка милдеттерди жүзөгө ашыруу. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошпогондо, мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат орду каралган мамлекеттик органдарда штаттык бирдиктерди жана финансыны Президенттин Иш башкармасына өткөрүп берүү менен бул кызмат орундары кыскартылсын. бир

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу:

1) жумалык мөөнөттө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш киргизсин;

2) бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобонун долбоорун, борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын түзүмүн жана башкаруу схемасын, штаттык санын, анын ичинде биринчи секторду түзүүнү кароо менен;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Санариптештирүү жана инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө жобонун долбоорун;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча департамент жөнүндө жобонун долбоорун;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын архивдерин санариптештирүү департаменти жөнүндө жобонун долбоорун;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун долбоорун;

– Президенттин Иш башкармасынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелери жана уюмдары жөнүндө жоболордун долбоорлорун;

3) бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;

4) ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

2) эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

3) эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.