Кыргызстанда 2026-жылынын Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды
Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун «Вакциналар ар бир жаш курак үчүн иштейт» ураанынын алдында 2026-жылдын 20–26-апрелинде өткөн Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) ийгиликтүү аяктады.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы боюнча 48 803 адам профилактикалык эмдөөлөр менен камтылды. Бул көрсөткүч медицина кызматкерлеринин, көчмө эмдөө бригадаларынын жана калк арасында жүргүзүлгөн кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин натыйжасында камсыз болду.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги №422 буйругуна ылайык уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыды. Кампаниянын негизги максаты – калктын эмдөөнүн жугуштуу оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу экендиги тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана бардык курактагы адамдардын ден соолугун сактоого көмөк көрсөтүү болду.
Европалык эмдөө жумалыгы расмий түрдө 2026-жылдын 20–26-апрелинде өткөрүлгөнүнө карабастан, бекитилген иш-чаралар планына ылайык калкты маалыматтандыруу жана эмдөө менен камтуу боюнча иштер 2026-жылдын май айында да улантылды. Медицина кызматкерлери калк менен жолугушууларды өткөрүп, үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, жеке консультацияларды беришти, маалыматтык-билим берүү материалдарын таратышты. Ошондой эле пландуу жана толуктоочу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эмдөө албаган же толук эмделбеген адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык иммунопрофилактика борбору Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүүгө активдүү катышкан медицина кызматкерлерине, өнөктөштөргө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, эл аралык уюмдарга жана бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирет.
Эмдөө жугуштуу оорулардан коргонуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири бойдон калууда. Профилактикалык эмдөөлөрдү өз убагында алуу ар бир адамдын ден соолугун сактоого, кооптуу инфекциялардын жайылышынын алдын алууга жана келечек муундардын бакубаттуулугун камсыз кылууга жардам берет.
