www
3 март
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча аба каттамдары жанданат
Үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан тарта Жидда – Ош багыты боюнча аба каттамдар кайра жанданат. Бул боюнча тиешелүү макулдашууга жетишилди.
КР ТИМден кабарлашкандай, каттамдарды Flynas авиакомпаниясы аткарат.
Каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.
Ошондой эле Жидда – Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын жумасына үч жолу кайра жандандыруу боюнча иштер улантылууда.
Министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери Жакынкы Чыгышта жүргөн Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын коопсуздугун жана мекенине аман-эсен кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү улантууда.
