Жол ачык, каттам бар. 16-январга карата ашуулардагы абал
Бүгүн, 16-январь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, министрликке караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.
