Ош шаарында Эсептөө палатасынын бир айлык аудити башталды
19 ноябрь

Ош шаарында Эсептөө палатасынын бир айлык аудити башталды

Бүгүн Ош шаарына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан аудит тобу келди. Алар бир айдын ичинде Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүшөт.

Ушуга байланыштуу Ош шаарынын мэринин орун басары Адилет Шаршеналы уулунун, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Жумабаевдин жана шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында жооптуу жетекчилерге аудит жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратпоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу жана бардык аракеттерди мыйзам чегинде аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди.