Кыргызстанда 2025-жылдын I кварталында 159 миң жумушчу орун түзүлгөн
Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 159 миң жумушчу орун түзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумда билдирди.
Анын айтымына караганда, 2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 %га көбөйдү.
Анын айтымында, экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугу эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленген. Ушул жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине чейин көтөрүлдү.
Бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу сөз кылып жатып, министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкына жана БАЭК программасына өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
