КР ӨКМ
16 сентябрь
Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кырсык 16-сентябрда таңга маал катталган.
Жерине беш күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 06:55те чектөөгө алынып, саат 08:25те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн.
Жабыркагандар жок.
