Ошто «Кунь-Лунь» компаниясына 100 миң сом айып салынды
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Озгур айылында жайгашкан «Кунь-Лунь» ЖЧКсына карата текшерүү жүргүзүлдү.
Озгур айылынын айыл башчысынын арызынын негизиндеги текшерүүдө «Кунь-Лунь» ЖЧКсы өзүнө бөлүнүп берилген (бекитилген) жер тилкесинен сырткары кошумча жер аянтын мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча текшерүү актысы, жазма буйрук жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Натыйжада, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесине ылайык ишканага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
