Кызыл-Кыя шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыш изи сууй электе кармалды
2025-жылдын 18-ноябрында болжол менен саат 19.45тер чамасында Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан турак үйлөрдүн бириндеги жатакана бөлмөсүндө адам өлүмү менен коштолгон окуя катталды.
Алгачкы тергөөгө алынган маалыматтарга ылайык, ошол үйдө убактылуу жашап жаткан 50 жаштагы Г.С. жана Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 50 жаштагы М.А. спирттик ичимдик (самагон) ичип отурушкан. Ичкиликтин таасири жана өз ара пикир келишпестиктен улам ортодо жаңжал чыккан. Жанжал учурунда Г.С. бөлмөдө турган ашкана бычагын алып, адамдын өмүрүн кыюу максатында М.Анын көкүрөк бөлүгүнө ошол бычакты сайып жиберген.
Жабырлануучу М.А. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул окуя боюнча 2025-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Маркумга тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү Г.С. милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.
