Кара-Суу районунда энергетиктер күз-кышка камынууда
Энергетика министрлиги
30 апрель

Кара-Суу районунда энергетиктер күз-кышка камынууда

Энергетика министрлиги алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз- кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү үчүн энергокомпанияларга бир катар тапшымаларды койгон. Буга ылайык учурда Ош облусунун Кара-Суу районунда апрель айынан тарта даярдык иштер башталып, быйылкы жылга карата тармакты өнүктүрүү, электр инфраструктурасын жаңылоо жана калкты ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында:

  • 10 даана кошумча трансформатор орнотуу;
  • 6 даана эскилиги жеткен көмөкчү чордон (КТП) шкафтарын жаңы ГКТП шкафтарына алмаштыруу;
  • 2,3 км жогорку чыңалуудагы жана 3,1 км төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларын куруу;
  • 180 даана темир-бетон мамычалары орнотуу;
  • 2,2 км төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгысын реконструкциялоо иштери каралган.

Мындан тышкары РЭТтин балансындагы көмөкчү чордондордо капиталдык жана утурумдук техникалык тейлөө иштери аткарылат.

Планга коюлган иштердин ичинен учурда төмөнкүлөр аткарылды.

  • 83 даана темир-бетон мамычалары орнотулду;
  • Кубаттуулугу 250 кВА болгон 8 даана ГКТП шкафтарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Калган ремонт жана курулуш иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин толугу менен аткарылып бүткөрүлөт.

Натыйжа:

Бул иштер ишке ашкан соң жаңы керектөөчүлөрдү кошууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, тармактагы жүктөмдөр тең салмакка келтирилет. Мындан тышкары, чыңалуунун туруктуулугу жогорулап, жоготуу 80%га азайып, электр энергиясын жеткирүүнүн сапаты 95%га жакшырат.

Жүргүзүлүп жаткан иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө багытталып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу райондук электр тармактарынын энергетиктери тарабынан этап-этабы менен ишке ашырылууда.