Бишкекте 12 адам шаурмадан ууланды
Бишкек шаарындагы “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн 12 адам ууланган. Окуя күн мурун, 15-январда болгон.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашкандай, 12 адам медициналык жардам сурап кайрылган.
Алардын баары уулануу белгилери менен Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Санитардык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомдук тамактануун жайы административдик жоопкерчиликке тартылды. Объекттин ээлерине 36 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, ал эми аныкталган санитардык нормалардагы мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин иши убактылуу токтотулду.
