Ошто майрам жана дем алыш күндөрүнө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт
Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 30-апрелде 1-майдан 10-майга чейинки майрам жана дем алыш күндөрүнө карата укук коргоо органдарынын өздүк курамдарынын катышуусунда салтанаттуу саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, өздүк курамдын майрамдык күндөргө карата коомдук коопсуздукту камсыздоого болгон даярдыгын текшерди.
Шаар мэри майрамдык иш чараларда коомдук тартипти сактоонун маанилүүгүн белгилеп, ар бир кызматкерди өз милдетине жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылууга, жарандардын ишенимин актоого жана коомдук тартипти сактоодо үлгүлүү болууга чакырды.
Белгилей кетсек, майрам күндөрү укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
