Алты эл аралык келишим бекитилди
Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бир катар эл аралык келишимдер үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Алардын ичинде:
- “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,
- “1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору,
- “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,
- “2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,
- “2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,
- “2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.
