Орунтаев мыйзамсыз курулушка барган компанияларга кандай чара көрүлөөрүн айтты
2024-2025- жылдары Кыргызстанда бир дагы мыйзамсыз курулуш аныкталган жок. Бул көзөмөлдү жана тартипти катаалдаштыруудан улам болду. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
“2023-жылы 200гө жакын мыйзамсыз курулуштар аныкталган. Анын 100гө жакынын тийиштүү инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп легалдаштырып, эксплуатацияга бердик, учурда техникалык паспортторун алып жатышат”, – деди ал.
Орунтаев белгилегендей, эгерде курулушта мамлекет тарабынан берилген QR-код же техникалык паспорт жок болсо, анда ал курулуш мыйзамсыз деп саналат. Мыйзамсыз курулушка барган компанияга төмөнкүдөй чара көрүлөт:
1. Айыппул салынат.
2. Курулуш токтотулат.
3. Компаниянын лицензиясы артка кайтарылат жана башка курулуштарга катышууга мүмкүнчүлүк берилбейт.
