Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. ТИМ кыргызстандыктарды эвакуациялоо үчүн каттамдарды уюштурууну сүйлөшүүдө
www
3 март

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. ТИМ кыргызстандыктарды эвакуациялоо үчүн каттамдарды уюштурууну сүйлөшүүдө

Президент Жапаровдун тапшырмасына ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман Султанаты менен кыргыз жарандар үчүн эвакуациялоо каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.   

Ведомстводон кабарлашкандай, министрлик маселени тынымсыз көзөмөлдө кармоодо жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берилет.

"Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.