Бишкекте муниципалдык аймак мыйзамсыз орнотулган объектилерден бошотулууда
20 июль

Бишкекте муниципалдык аймак мыйзамсыз орнотулган объектилерден бошотулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө башкармалыктын адистери муниципалдык жер тилкесинде өз алдынча курулуш жүргүзүү жана жерди мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныкташкан. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мыйзам бузган тарапка жалпы суммасы 180 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык муниципалдык жер тилкесин иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү эсептелди.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында 2 миң чарчы метрден ашык муниципалдык аймак бошотулат.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрүн жер мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп албоого жана берилген жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыкпоого чакырат.