Ош шаарында курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду
Ош шаарынын И. Раззаков көчөсү 21 дарегинде жайгашкан бетон арыктарын өндүрүүчү цехтин курулушунда мыйзам талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, объектиде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө тиешелүү шайкештик сертификаттары жок материалдар колдонулганы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкер Э. У. Т. карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин аталган объекттин ишмердүүлүгү токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти юридикалык жана жеке жактарды курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырат.
