A-frame. асма жол, бассейн. Ала-Арчада заманбап мейманкана курулууда 
26 июль

A-frame. асма жол, бассейн. Ала-Арчада заманбап мейманкана курулууда 

Ала-Арча жаратылыш паркында уникалдуу туристтик жай түзүлүүдө – A-frame үйлөрү, асма жол, бассейн, куполдор жана заманбап мейманкана курулууда. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш жүрүп жаткан жерге барып, абал менен таанышып чыкты. Ал бардык иштерди сапаттуу бүтүрүп, объектти жыл аягына чейин толук пайдаланууга берүүнү талап кылды.

"Объект бүтүп калганда, келген коноктор асма жол аркылуу бийиктикке чыгып, укмуштуу пейзажды көрө алышат. Табият коюнундагы жайлуу үйлөрдө эс алып, чыныгы жаратылыш менен жакын болуу мүмкүнчүлүгү жаралат", – деп айтылат билдирүүдө.