Депутат Азизбек Абдуллаев селден жана өрт кырсыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөттү
20 июль

Депутат Азизбек Абдуллаев селден жана өрт кырсыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Абдуллаев Араван районуна караштуу Достук айыл аймагынын Мангыт-Кесек айылында селден жана өрт кырсыгынан жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөттү.

Депутат кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөр менен жолугушуп, алардын абалы менен жеринде таанышты. 

Жолугушууда Азизбек Абдуллаев мындай оор учурда элдин жанында болуу ар бир жарандын жана эл өкүлүнүн милдети экенин белгиледи.

«Эл башына оор күн түшкөндө кайдыгер карап туруу мүмкүн эмес. Биз ар дайым элибиз менен биргебиз. Табигый кырсык жана өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөргө колдон келген жардамдарыбызды аябайбыз», – деди.

Депутат ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга мындан ары да колдоо көрсөтүү маселеси көзөмөлдө болорун билдирди.