Бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жооптуу кызмат адамдары "Мишутка" балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомду түзгөн 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Таш-Көмүр шаардык ИИБге тапшырылды.
Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
