Кырчын жайлоочуна баруучу жолго асфальт төшөлдү
20 июль

Кырчын жайлоочуна баруучу жолго асфальт төшөлдү

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырым жол толугу менен жаңыланып, асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иштер мамлекеттик каражаттын эсебинен аткарылды.

Аталган унаа жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында жол жээктери бекемделип, жол белгилери жана тосмолор орнотулууда, ошондой эле унааларга атайын унаа токтотуучу жайлар курулууда.

Жаңы жол туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.