Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
28 сентябрь

Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын маалыматына карганда, мамлекет башчысы мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна мезгил кутусун салууга, ошондой эле бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат.