Оштун жашоочулары мэр менен жолугушууда кызматкерлер активдүү иштебей жатканын айтып нааразы болушту
12 май

Оштун жашоочулары мэр менен жолугушууда кызматкерлер активдүү иштебей жатканын айтып нааразы болушту

Ошто 11-майда мэр Жанарбек Акаев “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анда жашоочулар шаардык кызматтар менен чиновниктердин ишине нааразычылыктарын билдиришти.

Тургундардын бири шаар башчысы алмашкандан кийин мэрия кызматкерлери мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев иштеген мезгилге салыштырмалуу азыраак активдүү болуп калганын айтты.

Анын айтымында, мурдагы жетекчилик учурунда чиновниктер ыкчам иштеп, дайыма катуу көзөмөлдө болушкан.

Буга жооп катары Жанарбек Акаев шаардык кызматтар социалдык тармактарда видеоотчеттор жарыяланбаса да, күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын белгиледи.

«Биздин кызматтар жана вице-мэрлер кээде түнкү саат үчкө чейин иштешет. Болгону YouTube’га чыкпайбыз», – деди Акаев.

Жолугушуу учурунда тургундар мэрге шаарды башкарууда катуулук жетишпей жатканын да айтышты. Катышуучулардын бири азыркы жана мурдагы жетекчиликтин иш ыкмаларын салыштырып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу да сөз кылды.

Мындан тышкары, айрым тургундар шаардагы кыймылсыз мүлк жана объектилерди менчиктештирүүгө байланышкан дооматтарын билдиришти. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков дарегине айыптоолор айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, буга чейин бир катар объектилер жана жер тилкелери анын туугандарынын менчигине өтүп кеткен.