Кара-Сууда 12 миң сом талап кылууга шектелген кызматкер кармалды
видеодон алынган кадр
12 август

Кара-Сууда 12 миң сом талап кылууга шектелген кызматкер кармалды

Кара-Суу районунда жарандын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн 12 миң сом талап кылууга шектелген кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 1997-жылы туулган район тургуну кайрылып, мамлекеттик кызматта иштеген жаран андан акча талап кылып жатканын билдирген.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Кара-Суу райондук электр тармактарынын Беш-Мойнок участкасында жетектөөчү адис болуп иштеген 1995-жылы туулган М.О. экени аныкталган.

Ал 10-августта Ош шаарынан кармалып, тинтүү учурунда жанынан 12 миң сом табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.