Саламаттык сактоо министри түштүк аймактарда дары каражаттарынын электрондук базасынын ишке ашырылышын текшерди
Иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Ош жана Жалал-Абад облустарына барып, Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасынын (ЭМБ), анын ичинде көзөмөлдөө модулунун иштешин текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан «Неман-Фарм» ЖЧКсынын дарыкана пунктунда электрондук системада чагылдырылбаган дары каражаттары аныкталды. Бул факт боюнча ыйгарым укуктуу адистер тарабынан тиешелүү акт түзүлдү.
Министр дары каражаттарын милдеттүү түрдө каттоо жана санариптик көзөмөлдөө талаптары менчик формасына карабастан фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык субъекттерге бирдей тиешелүү экенин белгиледи.
«Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү ар бир дары каражаты электрондук көзөмөл системасында чагылдырылышы шарт. Бул фармацевтикалык рыноктун ачыктыгын камсыздоонун, мыйзам талаптарын сактоонун жана бейтаптардын укуктарын коргоонун негизги шарты», – деди Дамирбек Осмонов.
