Бишкекте Кыргызстан менен Польшанын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өттү
23 май

Бишкекте Кыргызстан менен Польшанын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өттү

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Польша Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий консультациялардын кезектеги раунду болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Гуманитардык багытта тараптар маданият, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек жана Варшава шаарларында биргелешкен маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин колдошту.

Мындан тышкары, делегациялар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык уюмдардын алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-польша өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо жана үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоо, анын ичинде эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча өз ара милдеттенмелер ырасталды.