Чүй: Жол боюндагы 12 мыйзамсыз делген соода жайы демонтаждалды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы, Шаар куруу жана архитектура департаменти жана Москва районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аймакты иретке келтирүү иш-чараларын өткөрдү.
17–18–19-февраль күндөрү Бишкек–Кара-Балта автоунаа жолунун Москва районунун аймагындагы тилкесинде мыйзамсыз деп табылган 12 убактылуу соода жайы жана жеңил типтеги курулуш объекттери демонтаждалды.
Буга чейин, тактап айтканда бир жума мурда, объектилердин ээлерине ээлеген аймакты иретке келтирүү жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Чүй облусу боюнча курулуш объектилериндеги иштин жүрушүн жана сапатын көзөмөлдөө иштерин мындан ары да туруктуу негизде улантат. Ошондой эле, курулуш тармагындагы субъекттерди курулуш талаптарын жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
