Самаков КР Адвокатурасын сынга алды: Адвокаттардан мүчөлүк акы чогултуп, “сен жарайсың, сен жарабайсың” дегенден башка эмне иш кыласыңар? 
27 январь

Самаков КР Адвокатурасын сынга алды: Адвокаттардан мүчөлүк акы чогултуп, “сен жарайсың, сен жарабайсың” дегенден башка эмне иш кыласыңар? 

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков адвокаттарга адвокаттык кеңешке мүчөлүк акыны көтөрүү боюнча демилгеге каршы болду. 

Комитет Юстиция министрлигинин өлкө аймактарын адвокаттар менен камсыз кылууга байланышкан мыйзам долбоорун кароодо жана бул мыйзам долбоорунда адвокаттык кеңешке мучөлүк акыны көбөйтүү да сунушталган. 

КР Адвокатурасынын төрайымы Мейил Бегилерованын айтымында, адвокаттар 2025-жылдын май айына чейин ай сайын 200 сомдон төлөп турушчу. Андан соң 500 сомго көбөйтүлгөн. 

“Адвокатура өзүн өзү камсыздаган жалгыз орган. Мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан 200 сом менен мекеменин жалпы чыгашасы жабылбай турганын түшүндүк. Бул жерде айына 500 сом мүчөлүк акыны төлөй албаган адвокат кантип адвокат болот деген суроо жаралат. 2024-жылы 3600 адвокат болсо, бүгүнкү күндө мүчөлүккө кирбегендерди министрлик менен чогуу инвентаризациялап, 2223 адвокат калды, 726 адвокатты адвокаттык лицензиясынан толугу менен ажыраттык. Андан сырткары мүчөлүккө кирип, бирок төлөм төлөбөгөн 500дөйүнүн да лицензиясын убактылуу токтоттук. Бул адвокатура институтун сактап калууга болгон аракет”, – деп түшүндүрдү төрайым. 

Депутат адвокатура эмне иш менен алектенирине кызыкты. 

“Өзүн өзү камсыздаган мекемебиз деп жатасыз. Деги сиздер эмне иш кыласыздар? Адвокаттар сот процессине катышат, жарандардын укугун коргойт, а силер эмне менен алектенесиңер? Адвокаттын жасап жаткан ишине мисалы, сиздин кандай тиешеңиз бар? Айлык алып, бул адвокат мүчөлүк акыны төлөдү, тиги төлөгөн жок, сен жарайсың, сен жарабайсың дегенден башка жасачу ишиңер барбы?” – деди депутат. 

Ал өлкөдө адвокаттар жетишсиз болуп жаткан маалда, мүчөлүк акыны төлөбөй койгону үчүн адвокаттык лицензияны жокко чыгаруу менен алектенген мекеменин ишмердүүлүгүн сынга алды.