Жалал-Абад облусунда эл аралык аэропорт курулат
Жалал-Абад облусунун аймагында эл аралык аэропорт курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.
Облус башчысы аэропорт куруу үчүн 385 гектар жер аянты бөлүнгөндүгүн айткан.
“Аймакта өнүккөн транспорт системасынын болушу логистика борборлорунун ыкчам өсүүсүнө, эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарттар түзүлөт деп ишенем”, - деди Текебаев.
