Эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык жарандар Оштон кармалды
Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн коншу өлкөнүн жарандары кармалды, деп кабарлайт шаардык милициянын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 6-августунда Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү батирлеринин биринен Өзбекстандын жараны кармалган.
Алар бир катар кылмыштарды жасап, эл аралык издөөгө жүргөн. Ошондой эле анын өз мекенинде бир нече жолу соттолгону аныкталды
Акыркы ирет жарандарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук көрсөткөндүгү үчүн ал 2025-жылдын 31-декабрь күнү Өзбекстан Республикасынын КЖКнин 277-беренесинин 3-бөлүгү, 109-беренененин 1-бөлүгү, 219-берененин 2-бөлүгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле 2026-жылдын 7-августунда Ош шаарынын Авиценна көчөсүндө дагы бир өзбек жараны колго түшкөн.
Ал Ташкент шаарында адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалган жарандарды өз мекенинин укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.
