Нью-Делиде кыргыз-индиялык мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды
Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин катчысы Сиби Джордж менен жолугушту.
Элчиликтен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 2-мартында Нью-Дели шаарында индиялык тараптын демилгеси менен өткөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-индиялык мамилелердин учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү динамикасы боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүргүзүштү. Эки тараптуу кызматташтыктын туруктуу мүнөзүн сактоого жана аны ырааттуу өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.
Өзгөчө көңүл жакынкы келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө бөлүндү. Тараптар аталган багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди мындан ары өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун алкагында ошондой эле эки тараптуу сапарларды даярдоо жана үзгүлтүксүз саясий-дипломатиялык диалогду колдоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө жана анын практикалык мазмунун кеңейтүүгө өз ара ниеттерин тастыкташты.
