Бишкек мэриясы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат
28 сентябрь

Бишкек мэриясы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, 21 жаштан 63 жашка чейинки тажрыйбалуу айдоочулар керек.

Милдеттүү талап – “D” категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылыңыз.