Баткен облусунда көрсөтмө атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
8 июль

Баткен облусунда көрсөтмө атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Баткен облусундагы Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын 52870 аскер бөлүгүнүн окуу талаасында көрсөтмө атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аскер кызматкерлери катышты.

Атайын тактикалык машыгуу үч этаптан туруп, «Мыйзамсыз куралданган душмандарга каршы калктуу конушта согуштук аракеттерди жүргүзүү» деген темада уюштурулду. Машыгуунун жүрүшүндө мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу, калктуу конуштагы шарттуу согуштук кырдаалда бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсү, аскердик башкаруу жана күчтөрдүн координациясы практикалык негизде көрсөтүлдү.

Машыгуунун активдүү фазасында аскердик техникалардан ок атуу жүргүзүлүп, тактикалык десанттар тик учактар аркылуу шарттуу душман жайгашкан аймакка түшүрүлдү. Ошондой эле атайын багыттагы бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгы жана өз ара шайкеш аракеттери көргөзүлдү.

Өткөрүлгөн көрсөтмө машыгуу аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдарда тапшырмаларды так жана ыкчам аткаруу жөндөмүн бекемдөөгө багытталды.