
Бишкекте билим берүү мекемелеринде пландалган бардык оңдоо иштери аяктады
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардык оңдоо иштери муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгынан титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, борбор калаанын муниципалитети дагы бир нече билим берүү объектилерин оңдоого кошумча каражат тартты.
Оңдоо иштерине кошумча каражаттар табылгандыктан, жаңы титулдук тизме боюнча учурда окуу процессине тоскоол болбогон мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө оңдоо иштери төмөнкү объектилерде №51, 171, 135, 61 бала бакчаларында, ошондой эле №34, 55, 60 Орок жана Новопавловка мектептеринде жүргүзүлүүдө.