Бишкектеги Vefa соода борборунда беш жаштагы бала 3-кабаттан кулап кетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Бишкектеги Vefa соода борборунда беш жаштагы бала 3-кабаттан кулап кетти

11-августта кечинде Бишкектеги Vefa соода борборунда бийиктиктен кулап кеткен баланын абалы тууралуу маалымат белгилүү болду.

Бала кечээ кечинде Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда жеткирилген.

Ага баш мээсинен оор жаракат алып, мээси жабыркаганы аныкталган. Учурда бала эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Дарыгерлердин айтымында, бала эскалатордон кулап кеткен.

Ошол эле учурда алгачкы маалыматта баланын жашы 5 жаш деп көрсөтүлгөн. Ооруканада болсо анын 4 жашта экени такталган.

Буга чейин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда баланын кулап кетишинин жагдайлары такталууда.