ССМ: Кыргызстанга хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги төмөн
КР Саламаттык сактоо министрлиги Ушуайядан (Аргентина) Кабо-Верде аралдарына багыт алган MV Hondius круиздик кемесинде хантавирустун жайылышы тууралуу эл аралык маалымат каражаттарына комментарий берди.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү жугуштуу оорулар жаатындагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда, күн сайын жүргүзүлүүчү режимде мониторинг улантылууда. Адистердин баалоосу боюнча, Кыргызстанга хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги өтө төмөн, калк жана туристтер үчүн коркунуч жок.
Дүрбөлөңгө түшүү үчүн себеп жок: көпчүлүк адамдар үчүн жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн боюнча калууда, ал эми жөнөкөй алдын алуу чараларын көрүү жуктуруп алуу ыктымалдуулугун натыйжалуу азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка эс алууга барууда жана кемирүүчүлөр байырлашы мүмкүн болгон жерлер менен байланышта болууда сак болууну сунуштайт.
