Бразилиядан келген конок Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеткиликтүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар кандай мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар үчүн да жеткиликтүү аянтча болууда. Эл аралык спорттук иш-чаранын конокторунун арасында Кыргызстанга Оюндарды көрүп, алардын өтүп жаткан жерлерине баруу үчүн келген Бразилиянын жараны Джулиана да бар.
Джулиана майыптар арабасы менен жүрөт жана Кыргызстанга келгенге чейин иш-чараларга тоскоолдуксуз катыша аламбы деген күмөн саноосу болгонун белгиледи.
«Мен бул жерге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келдим. Ден соолугума байланыштуу баса албайм, ошондуктан майыптар арабасы менен жүрөм. Иш-чарага бара аламбы деп так ишене алган эмесмин. Бирок бул жерде баары абдан жардам берүүгө даяр. Ар дайым жардам бере турган адамдар бар», – деди Джулиана.
Уюштурулган коштоонун аркасында Джулиана буга чейин Кырчын жайлоосунда өткөн мелдештерге барып, эми кийинки аянтча – «Рух Ордо» маданий борборуна барууну пландап жатат. Атайын транспорт аны иш-чара өтүп жаткан жерге жеткирип, иш-чара аяктагандан кийин кызматкерлер кайра кайтып кетүүсүнө жардам беришет.
«Алар бизди иш-чара өтүп жаткан жерлерге жеткирип, кийин кайра алып кетишет жана бизди күтүп турушат. Жардам көрсөтүп жаткан Эмгек министрлигине абдан ыраазымын. Менин оюмча, баары абдан жакшы иштеп жатышат», – деп белгиледи Бразилиядан келген конок.
Джулиананын айтымында, түзүлгөн шарттар майыптыгы бар адамдарга ири эл аралык иш-чаралардан четте калбай, аларга толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
«Эгер кыймылдап жүрүүдө кыйынчылыктары бар адамдар да бул иш-чарага катыша аларын баары билишсе, абдан жакшы болмок», – деп баса белгиледи ал.
