Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
видеодон алынган кадр
8 июль

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ош – Баткен – Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. 

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, учурда аталган тилкеде министрликтин атайын техникалары тартылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдо каттам бар.

Белгилей кетсек, сел 7-июлда саат 16:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен келип чыккан.

Министрлик жарандардан аталган тилкеде жол коопсуздугунун талаптарын сактап, этият болууну суранат.