Лондондо Кыргыз-Британ Стратегиялык диалогунун I жыйыны өттү
14 февраль

Лондондо Кыргыз-Британ Стратегиялык диалогунун I жыйыны өттү

Лондон шаарында 13-февралда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Улуу Британиянын Европа жана Борбор Азия иштери боюнча мамлекеттик министри Стивен Даути төрагалыгынын астында Кыргыз-Британ Стратегиялык диалогунун биринчи жыйыны өттү.  Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуу учурунда делегациялар Кыргыз Республика мене Улуу Британия ортосундагы саясат, коопсуздук, соода, инвестиция, финансы, энергетика, туруктуу өнүгүү, маданият, билим берүү жана туризм тармактарындагы негизги кызматташуу багыттарын талкуулашты. 

Ошондой эле эки тарап өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.
Тышкы иштер министринин орун басары М. Абакиров Стратегиялык диалогдун ишке кириши эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы платформа катары маанилүү экенин баса белгиледи. Кыргыз-Британ өнөктөштүгүн мындан ары кеңейтүүгө шарт түзө турган эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана экономикалык байланышты өнүктүрүү боюнча оң динамика байкалганы белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

•    соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргыз Республикасына британдык инвесторлорду тартуу жана кыргыз продукциясын Улуу Британияга экспорттоону көбөйтүү;

•    билим берүү жана илимий алмашууларды жандандыруу, анын ичинде стипендиялык программалар жана билим берүүнү санариптештирүү боюнча долбоорлор;

•    “жашыл экономика”, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы биргелешкен демилгелер.

Стратегиялык диалогдун биринчи отурумунун жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Маалымат үчүн:

Кыргыз-Британ Стратегиялык диалогу – саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселесин талкуулого багытталган эки тараптуу кызматташтык институттук механизми. Жыйындарды мындан ары үзгүлтүксүздүн негизинде өткөрүлүп турат.

Улуу Британия Кыргызстан үчүн маанилүү соода-экономикалык өнөктөш болуп саналат жана өлкөнүн негизги тармактарына активдүү катышып келет. 
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар конкреттүү демилгелер боюнча иштөөнү улантууга макулдашышты.