Кыргызстандан мыйзамсыз дары-дармектерди чыгарууга аракет кылгандар кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 13-февралында "Кызыл-Кыя" чек ара заставасынын аймагындагы Кызыл-Тоо жергилигинде аткезчилиликке шектелген эки жаран кармалган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Шектүүлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында кармалган.
Алар Кадамжай районунун А.Масалиев айылынын 1990-жылы туулган тургуну Темирбаев Таирбек Коңурбайуглы жана Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Фаязов Нурлан Алишеровичдер экени аныкталды.
Кармалган жарандар дары-дармек жана турмуш тиричилик буюмдарын Кыргызстандан Өзбеккстанга өткөрүп жаткан. Жүктүн болжолдуу баасы 158 016 сомду түзөт.
Азыркы учурда кармалган жарандардын жана жүктүн тийиштүү иш-кагаздарын тариздеп, компетенттүү органдарга өткөрүп берүү иш-чаралары жүрүүдө.
