Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээктери бекемделүүдө
Бүгүн таң эрте өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун губернатору менен биргеликте Чу дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилекелерди жеринде көрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Министр чегаралаш жайгашкан дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктерин көрүп чыккан соң, тиешелүү тармактарга бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.
Анын айтымында, жээктер бекемделсе айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чу дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелеринин эрозиясын токтотуу максатында жээктерди бекемдөө иши жүрүүдө.
