Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз келип түштү
8 июль

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга кол койгондон бери Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Жер мунапысы бөлүмүнө шаар куруу корутундуларын иштеп чыгуу боюнча 16 616 арыз келип түшкөн.

2026-жылдын январь айынан 1-июлуна чейин 2 022 шаар куруу корутундусу даярдалып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө комиссияга жалпы 13 698 даяр шаар куруу корутундусу өткөрүлүп берилди.

Жалпы келип түшкөн 16 616 арыздын ичинен 2 123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган. Буга жер тилкелеринин санитардык-коргоо зоналарында, сейил бактардын аймактарында, электр өткөрүү линияларынын алдында же тазалоочу курулмалар жайгашкан аймактарда орун алышы себеп болгон.

Жарандар Бишкек шаарынын аймагындагы жер мунапысы боюнча Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына кайрыла алат: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 31, 208-кабинет. Байланыш телефону: 0312 31 29 95. 

Эске салсак, 2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жер мунапысынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жер тилкелерин тариздөөнүн айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.

2022-жылы 17-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзам кабыл алынгандан кийин, ошол эле жылы мамлекет башчысы кол койгон.