Ош шаарындагы Тешик-Таш базары жаңы борбордук базарга көчүрүлүүдө
видеодон алынган кадр
15 июнь

Ош шаарындагы Тешик-Таш базары жаңы борбордук базарга көчүрүлүүдө

Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан Тешик-Таш базары жаңы борбордук базарга көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта буга чейин соодагерлерге базарды көчүрүү боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилгендиги айтылат. Ошого карабастан, айрым соода түйүндөрүнүн ээлери көчүүгө макул болбой келишкен.

Учурда шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртуу жана жолду кеңейтүү иштеринин алкагында аталган аймакты бошотуу зарылдыгы жаралып, соодагерлер жаңы борбордук базардагы орундарга көчүрүлүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган курулуштар белгиленген тартипте демонтаждалып жатат.

Базарды көчүрүү иштеринин алкагында Ош шаарынын мэриясына караштуу бардык тиешелүү кызматтар тартылып, соодагерлердин жүктөрүн ташууга жүк ташуучу унаалар менен көмөк көрсөтүлүүдө.