Сүрөт ачык булактардан алынды
31 июль
Ысык-Көл облусунда 1-2-августта жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
2026-жылдын 1–2-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана өлкөбүздүн конокторун киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүнүн альтернативдүү жолдорун тандоону өтүнөт.
Көрүлүп жаткан чаралар коомдук коопсуздукту камсыздоого жана расмий делегациялардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.
