ИИМ алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертти
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды ар кандай кызматтарды, анын ичинде чет өлкөдөн автоунаа алып берүү, чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлорго катышууну сунуштоо, каржылык операцияларга ортомчулук кылуу, жумушка орноштуруу жана акча каражаттарын өткөрүп берүү менен байланышкан башка кызматтарды сунуштаган анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат.
Колдо болгон маалыматтарга ылайык, акыркы убакта шылуундар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен, анын ичинде чет өлкөдөн автоунааны пайдалуу баада алып келип берүүнү убада кылып же жогорку киреше алып келет деген шылтоо менен чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлорго акча салууну сунуштап, жарандардын акча каражаттарын ээлеп алып, кийин өздөрү алган милдеттенмелерин аткарбай койгон учурлар көбөйүүдө.
Ички иштер министрлиги жарандарга анча тааныш эмес адамдарга акча каражаттарын бербөөнү, күмөн жараткан сунуштарга макул болбоону, сатуучулардын, ортомчулардын жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүнүн документтерин, ыйгарым укуктарын, ишенимдүүлүгүн, ошондой эле алар берген маалыматтардын чын-төгүнүн кылдат текшерүүнү сунуштайт.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз же мындай фактылар тууралуу маалыматыңыз болсо, дароо ички иштер органдарына кайрылыңыз.
Жөнөкөй сактык чараларын сактоо материалдык чыгымга учуроонун жана алдамчылардын курмандыгы болуп калуунун алдын алууга жардам берет.
