Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды
26 март

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

Кыргызстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Кактус.Медиа басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Тургунбаевди «Кыргызнефтегаз» иши боюнча күбө катары суракка чакырган. Сурактан кийин мурдагы аткаминер кармалган.

Эске салсак, Мелис Тургунбаев буга чейин мамлекеттик жана каржы түзүмдөрүндө бир катар маанилүү кызматтарды аркалаган:

  • 2017–2020-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2020–2021-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы;
  • 2021–2023-жылдары — «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКнын директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2023–2024-жылдары — КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
  • 2024-жылдан 2026-жылдын март айына чейин — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

«Кыргызнефтегаз» иши боюнча тергөө органдарынын мындан аркы аракеттери уланууда.