УКМК төрагасынын мурдагы орун басары 2-сентябрга чейин камакка алынды
8 июль

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары 2-сентябрга чейин камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду камакка алды. Бул тууралуу 8-июлда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими 7-июлда кабыл алынган. Шадыбеков 2-сентябрга чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Соттун маалыматына ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү – «Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция» беренеси боюнча шектелүүдө.

Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын 10-февралында УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. 8-июнда ал ээлеген кызматынан бошотулган.

Буга чейин Шадыбеков коррупцияга шектелип кармалганы кабарланган.